Жаңылыктар
Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. 

Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын  ишмердүүлүгү менен таанышат.