Россиялык алып баруучу жана шоумен Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан 1 миллион доллар өндүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасындагы видео кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, Ассоль Молдокматова кыргызстандык мигрант менен болгон чырды көтөрүп, Цветковду “улутчул” деп атаган.
“Сыягы, ал бул сөздүн маанисин билбесе керек. Ошого карабастан, аял атайылап боордош кыргыз элинин бир бөлүгүн мага каршы койду. Ошол замат чечилген чыр-чатакты башка нукка буруп жиберди. Ушул күнгө чейин өлүм тилегисиз бир дагы таңды атырган жокмун,” – дейт.
“Мен эл алдында анын кайрылуу жасашын жана моралдык чыгым үчүн 1 миллион доллар талап кылам,” – деп жазат.
Эске салсак, 2020-жылдын август айынын орто ченинде Москвадагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде MTV каналынын мурдагы алып баруучусу Артур Цветков ашпозчунун бет кап кийүү өтүнүчүн канааттандырбай, чыр салган. Муну менен катар, депортация кылып жиберээрин кошумчалаган.
Мындан тышкары, алып баруучунун жүрүм-турумун MTV Russia телеканалынын башчысы айыптады. Кийинчерээк Цветков кыргызстандык эмгек мигранты менен жолугуп, андан кечирим сураган.