Кыргызстанда эки жолу жер титирөө болду. Бул тууралуу 11-сентябрда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
10-сентябрь күнү саат 17:51 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллдык силкинүү сезилген.
Ош облусунда 11-сентябрда саат 00: 33тө 3,5 баллдык күчү менен жер титирөө болду. Жер титирөө Сары-Таш, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Арча-Булак, Ак-Босого айылдарында 2,5 баллга сезилди.
Жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.