Жаңылыктар
Евразия экономикалык комиссиясынын алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Евразия экономикалык комиссиясынын алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлдү. Муну комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Кеңеш ЕАЭБдин интеграция жана өнүгүү маселелерин талкуулаган аянтчасы катары түзүлгөн. Президиумдун курамына уюмга мүчө өлкөлөрдүн министрлери, биримдикке кирген өлкөлөрдүн илим жана жогорку билим берүү жаатындагы мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ошондой эле улуттук илимдер академиясынын башчылары кирген. Кеңеш инновациялык долбоорлорду түзөрү пландалууда.

ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБдин ийгилигине илимий тармак түздөн-түз таасир этерин белгилеген.

"Илим жана техника жаатындагы аракеттерди инновациялык ишмердүүлүк жана пилоттук долбоорлордон баштоо керек. Илим — деңиз, чыныгы экономика — катуу, кургак нерсе. Ал эми академиялык жана илимий билим берүү — кеменин ролунда. Ошондуктан бизге илим жана чыныгы экономиканын биригишин камсыз кылган инновациялык инфраструктура керек", — деген Мясникович.

Президиумдун мүчөлөрү эксперттик топтун курамын жактырып, евразиялык интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди талкуулашкан.