Жарандар транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде 158,5 миллион сом төлөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан жыл башынан бери 685,5 миллион сом транспорттук салык чогултулган.
Белгилей кетсек, быйыл транспорттук салыкты төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктагандыгына карабастан, салыкты кечиктирип төлөө уланууда. Мыйзамга ылайык, өз убагында салык төлөөгө убактысы жок унаа ээлери, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, административдик айып пул жана кечиктирилген ар бир күн үчүн айып төлөөгө аргасыз болушат. Төлөнүүчү айып пул өлчөмү жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сомду түзөт.