Ливандын борбору Бейрутта кайрадан өрт чыкты. Маалыматка ылайык, шаардагы порттогу тамактануучу жайдын жанындагы кампада тилсиз жоо орун алган.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр менен аскер кызматкерлери жиберилген. Маалым болгондой өрт күйүүчү-майлоочу материалдар сакталган кампадан чыгып, кийин ал унаалардын дөңгөлөгүн сактаган жайга жабышкан. Окуядан жабыркагандардын бар жогу тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Эске салсак, быйыл 4-августта Бейрутта портто 2 мин 750 тонна аммиак селитрасы сакталган кампада жарылуу болуп, 190 адамдын каза болгон. 6 миңден ашык киши ар кандай жаракаттарды алышкан эле. Бул жолку тилсиз жоо 10-сентябрда кечке жакын өчүрүлдү.