"Түндүк электр" ААКнын абоненттеринин электр энергиясына болгон карызы 500 миллион 600 миң сомдон ашык акчаны түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме колдонуучуларды электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. Анткени 14-сентябрдан баштап электр энергиясын берүүнү чектеп баштайт.
Билдирүүдө компания кыш мезгилинде жарыкты үзгүлтүккө учуратпоо үчүн энергетикалык жабдууларды жана тармактарды даярдоо боюнча иштерин улантаарын жана төлөмдөрдү чогултуунун көпчүлүк бөлүгү электр жабдууларын оңдоого жумшалаары кошумчаланды.