Жаңылыктар
Салык кызматы: жарандар 10 күндүн ичинде 158 млн сомдон ашык транспорт салыгын төлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы: жарандар 10 күндүн ичинде 158 млн сомдон ашык транспорт салыгын төлөштү

Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан берки 10 күндүн ичинде жарандар 158,5 млн сом салык төлөштү. Жыл башынан бери жалпы 685,5 млн сом транспорт салыгы чогултулган. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет. 

Белгилей кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыкты башкаруу дагы да улантылууда.

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1000 сомду, юридикалык жактар үчүн – 5000 сомду түзөт.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлерин туумдун көп эсептелбеши максатында салыкты азыр төлөөгө чакырат.