Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Н.у.С.га карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.
Ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 4-сентябрында Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери УКМКнын ӨКК менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу»боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.у.С кармалган.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында УКМКнын кызматкери Н.у.С. беделин түшүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.
Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү КРнын алдындагы ЭККМКнын тергөө органдары жүргүзүүдө. Бул кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ЭККМКжетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.