Аксы райондук социалдык фонд башкармалыгынын имараты капиталдык ремонттон өттү. Акыркы 20 жылдан бери биринчи жолу алгылыктуу ондоп-түзөөдөн өткөн имаратта, кызматкерлердин иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Анткени буга чейин бөлмө жетишсиздиги көйгөй болуп, бир бөлмөдө 4-5 тен кызматкер отуруп иштеп келген. Эми ал маселе жолго коюлду. Имарат ичи реконструкциядан өтүп, айрым бөлмөлөр кеңейтилди. Кошумча бөлмөлөр да жасалган.
Имараттын бардык бөлүмүнө видеокамералар да орнотулду. Аксы району боюнча 15 миң 300 дөн ашуун пенсионер бар. Бир айда 80 миллион сом керектеле турган болсо, анын 40 миллиону банк аркылуу төлөнөт. Калганы почта кызматкерлери аркылуу таратылат.