“Кыргызстандын улуттук электр тармагы”, "Электр станциялары" ачык акционердик коомдору жана Чүйдүн жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканалары күз-кыш мезгилине 80 пайызга даяр. Учурда бардык энергетикалык объектилерде ар кандай капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Адистердин айтымында, кышка карата камылга иштери ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт.
Чүйдөгү жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасына таандык “Жаңы-батыш” (Ново-западный) көмөк чордону. Күз-кыш мезгилине болгон даярдыктар көрүлүп, учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул жер Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы узундугу 1700 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы линияларды тейлейт.