Жаңылыктар
Каракол шаарындагы аймактык оорукананын капиталдык оңдоо иштери аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарындагы аймактык оорукананын капиталдык оңдоо иштери аяктады

Каракол шаарында жайгашкан Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасында капиталдык оңдоо иши жыйынтыкталды. Ошондой эле Чолпон-Атадагы оорукана да жаңыланып, курулуш иши аяктоо алдында турат. Дубанда жакынкы эки жылда социалдык жайлардан бейтапкана курууга өзгөчө көңүл бурулат.

Каракол шаарындагы облустук оорукананын биринчи кабаты керектен чыгып, колдонууга мүмкүн болбой калган. Орундардын тартыштыгы оору күчөп турганда өзгөчө байкалды. Капиталдык оңдоо иши 1 айдын ичинде аткарылып, имарат толугу менен өзгөрдү.