33 миң эл жашаган Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына санарип жетти. Ушул эле райондун Баш-Булак айылында жакында заманбап санарип ооруканасы ачылат. Ал эми, кыргыз өзбек элдеринин достугун бекемдөөгө данакер болгон биргелешкен ишкана жакында жумушчулардын санын эки эсеге көбөйткөнү турат. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, Ош облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында аты аталган обьектилердин ишмердүүлүгүнөн жакындан кабар алды.