Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен аба каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
"Азыркы учурда 14-сентябрдан тарта "Ташкент-Бишкек-Ташкент" багыты боюнча, ал эми 17-сентябрдан тарта "Алматы-Бишкек-Алматы" багыты боюнча каттамдарды жандандыруу боюнча иш алынып барууда", - деп билдирет штаб.
Штаб билдиргендей, авиакомпаниялар аталган багыттар боюнча билеттерди сата баштады. Каттамдар Ташкентке жумасына бир жолу жана Алматыга жумасына эки жолу жасалып турат. Кийинчерээк каттамдардын саны көбөйтүлөт.