Жаңылыктар
Бүгүнкү күндөгү авиакаттамдар
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күндөгү авиакаттамдар

Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Бириккен Араб Эмиратынын авиациялык бийликтеринин ортосундагы жетишилген макулдашууга ылайык 10-август айынан тартып эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлүүдө: 


«Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу. 

«Туреция авиалиния» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу. 

«Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу. Анталья - Бишкек – Анталья багыты боюнча жумасына 1 жолу. 

«Флай Дубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 3 жолу. 

«Эйр Арабия» авиакомпаниясы Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча жумасына 1 жолу. 


Азыркы күндө, Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына чартердик авиакаттамдар жүргүзүлүүдө, атап айтканда: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларынан. 

Ал эми, каттамдарды дайыма ишке ашыруу тууралуу КР жана РФдин ортосунда тийиштүү иштер алып барылууда.