Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери сентябрдын аягында бүтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Азыркы тапта Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуп жаткан жаңы корпусунун ички жана тышкы дубалдары капталып, чатырын жабуу боюнча иштер жүрүүдө. Оорукананын жаңы корпусу сегиз баллдык жер титирөөгө туруштук бере турган катуу темир каркастан курулуп жатат. Оорукана бардык курулуш жана санитардык талаптарга жооп берет. Бул оорукананын курулуш иши июль айында башталган.