Евразиялык өнүктүрүү банкынын Санариптик демилгелер фонду евразиялык аймакта COVID-19 коронавирустук инфекциясы пандемиясына каршы туруу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мыкты санариптик чечимдерге сынак жарыялайт.
Сынакка санариптик трансформация жаатында компетенциялуу, банктын мүчө-мамлекеттеринин каалаган компаниясы, же эксперти катыша алат. Сынактын жеңүүчүлөрү Евразиялык өнүктүрүү банкынын Санариптик демилгелер фонду тарабынан сунушталган долбоорлорду ишке ашырууга каржылоо алат.
Сынакка катышуу шарттары менен таанышуу жана арызды толтуруу үчүн Евразиялык өнүктүрүү банкынын расмий сайтына төмөнкү шилтеме аркылуу кириңиздер: https://eabr.org/. Сынакка катышууга арыздар 2020-жылдын 4-октябрына чейин кабыл алынат.