Жаңылыктар
Улуттук банк 6 млн 600 миң долларды сатыкка чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк 6 млн 600 миң долларды сатыкка чыгарды

Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук Банк жыл башынан бери кезектеги онунчу интервенцияны жасады. Улуттук банк 9-сентябрда 6 млн 600 миң долларды сатыкка чыгарды. 

10-сентябрга карата расмий курс 79 сом 8 тыйын деп аныкталды. Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 сом 60 - 78 сом 90 тыйындан сатып алынып, 79 сомдон 79 сом 30 тыйынга чейин сатылууда.