Жаңылыктар
Бишкек: Элебесов көчөсү борбордук саркынды суу тутумуна туташтырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: Элебесов көчөсү борбордук саркынды суу тутумуна туташтырылат

Борбор калаадагы Элебесов көчөсүндөгү турак үйлөр борбордук саркынды суу тутумуна туташтырылат. Тургундар канализацияга кошулууну 30 жыл күтүшкөн. Учурда Фере көчөсүнөн ылдый, түндүк жана түштүк багыты көздөй магистралдык саркынды суу тутумунун курулушу жүрүп жатат.

Элебесов көчөсүндөгү турак үйлөрдүн тургундары, борбордук саркынды суу тутумунун жоктугунан үйүнүн жанына атайын септик касып алышкан. Ал толуп калган сайын тазалоодон чарчаганын айткан тургундар жакында мындай түйшүктөн арылып, борбордук канализацияга кошулганы турат. 

Куруучулардын айтымында, түтүктөрдү орнотуу иштери жыйынтыкталып калды. Учурда дагы 165 метр магистралдык түйүндү төшөө иштери жүрүп жатат. Бул аймакта жер астындагы суу өтө жогору болгондуктан, канализациялык кудуктарды кошумча бекемдөөгө туура келген. Мындан улам, атайын бетон каркас жасалууда дейт- жумушчулар. 

Шаардык мэриядан билдиргендей, долбоорду ишке ашыруу менен бул райондогу 10 көчө жана туюк көчөлөрдөгү турак үйлөр борбордук канализацияга туташтырылат. Анын ичинде "Ак-Тилек" жаңы конушунун Жерге-Тал көчөсү да кирет. Негизинен магистралдык саркынды суу түйүнүнүн жалпы узундугу 1 миң 885 метрди түзөт.

30 жылдан бери борбордук канализацияга кошула албай келген тургундардын өтүнүчү ишке ашканы турат. Адистердин айтамында, курулуш иштери сентябрдын аягына чейин бүткөрүлөт.