Жаңылыктар
Санитардык эрежелерди сактабай той өткөрүп жаткан тойканалар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Санитардык эрежелерди сактабай той өткөрүп жаткан тойканалар кармалды

Бишкек шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай тымызын той өткөрүп жаткан тойканалар кармалды. Көп сандагы адамдар менен көңүл ачуу иш-чараларын өткөрүп жаткандар - капысынан уюштурулган кыдыруу учурунда колго түштү.

Сырткы электр жарыктары өчүрүп, алдына бир да унаа коюлбаган бул тойканада 80 адамдын катышуусундагы үйлөнүү той жашыруун өтүп жаткан. Аны мобилдүү топ шаардагы кафе-ресторандарды кыдыруу учурунда туш болду.

Шаардын көпчүлүк тойканаларында ушундай көрүнүш. Санитардык эрежелер сакталбаганы аз келгенсип, меймандардын дагы саны 50дөн ашып кетүүдө.

Айтканга көнүп,коюлган талаптарга жооп бербеген көңүл ачуучу жайлардын жетекчилеринен түшүнүк кат жазып берүү талап кылынды. Бул фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташып калыбына келмейинче, республика аймагында санитардык эрежелерди сактоо талабы коюлуп мындай текшерүүлөр улана бермекчи.