Жаңылыктар
Бишкектеги салынып жаткан инфекциялык оорукана курулуш эрежелерине жооп береби?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги салынып жаткан инфекциялык оорукана курулуш эрежелерине жооп береби?

Бишкек шаарында жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 70%га бүтүп калды. 100 орунга ылайыкталган оорукана 4 имараттын ички жана тышкы дубалдарын каптоо жана чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Сыноо катары тез курулуучу конструкция менен салынып жаткан имарат курулуш эрежелерине жооп береби, колдонулуп жаткан курулуш материалдары канчалык деңгээлде сапаттуу?

Сырткы жасалгасы кооз, ар бир бөлмөсү жабдыктары менен даяр боло турган Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты дал ушундай болушу керек. Бирок мындай абалга жетүүгө дагы 20 чакты күн калды. Ушул тапта жүздөн ашык жумушчу иштеп, курулушту толугу менен ушул айдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Ушул тапта имараттын пайдубалы, чатыры, саркынды суу системасы, шыбы жана майда темир конструкцияларынын курулушу аяктап, ички тосмолорду куруу, электр энергиясын тартуу жана жылытуу системасын орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

Оорукананын ар бир палатасынын өзүнчө дааратканасы жана жуунуучу жай салынат. Ал эми дарыгерлер үчүн бейтапты палатага кирбей кароо үчүн кичинекей терезе болот. Мындай ыкма дарыгер менен бейтаптын ортосунда байланышты азайтуу үчүн жасалууда.

Оорукана темир каркас менен курулуп жатат. Дубалдын тышкы бөлүгү ар кандай материалдардын бир нече катмарынан турат.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында курулуп жаткан 100 орундуу жаңы оорукана санитардык нормалардын талаптарына ылайык салынып, толук инженердик камсыздоого ээ. Бардык бөлмөлөрдө абаны зыянсыздандыруу лампалары ошондой эле кычкылтек менен камсыз кылуу системасы каралган.

Белгилей кетсек, жаңы корпустун аянты 2 миң 310 чарчы метрди түзөт. Башталганына 40 күн болгон жаңы имараттын курулушу сентябрь айынын аягында ишке берилет.