Жаңылыктар
Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата авто жолунда эки чакырым ички жолдун курулушу аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата авто жолунда эки чакырым ички жолдун курулушу аяктады

Бишкек -Кой-Таш- Ысык-Ата авто жолунда эки чакырым ички жолдун курулушу аяктады. Жакынкы күндөрү колдонууга берилет. Долбоор райондордо 3 чакырымдан кем эмес жол куруу талабына ылайык ишке ашты.

Быйылкы жылга капиталдык салымдын эсебинен 20 чакырым, райондордун борборлорундагы жолдорду жакшыртуу максатында 152 чакырым жолду куруу пландалган. Бүгүнкү күндө анын 117 чакырымына асфальт төшөлдү.

Жаңыдан курулушу бүткөн жол бир айга жетпеген убакыттын ичинде салынып бүттү. Былтыр Бишкек-Кой-Таш-Ысык-Ата авто жолуна төрт чакырым асфальт төшөлгөн. Бул жол союз мезгилинен бери оңдолгон эмес.

Жол жеңил унааларга ылайыкталып, калыңдыгы 6 сантиметр. Туруксуз аба ырайына байланыштуу жол куруучулар кыска убакытта курулуш иштерин бүтүрдү. 

Аймактарды өнүктүрүү жылынынын алкагында 12 шаарда жолдор курулуп бүтүп, дагы беш шаарда курулуш иштери 50% аяктады. Учурда Чүй облусунун Москва, Жайыл, Ош облусунун Алай, Ноокат, Жалал-Абад аймагындагы Базар-Коргон, Ысык-Көл облусунунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Талас жериндеги Кара-Буура, Манас жана Баткен аймагындагы Лейлек, Кадамжай райондорунда ички жолдор курулуп бүттү. 

Долбоорго 23 шаар 40 район кирген. Кийинки жылда калган аймактардагы ички жолдор жасалат.