Жаңылыктар
Эркин Асрандиев: "Бүгүнкү күнгө карата эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алынды"
Кыргызстан жаңылыктары
Эркин Асрандиев: "Бүгүнкү күнгө карата эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алынды"

Бүгүнкү күнгө карата эл аралык каржы уюмдардан 338 млн доллар алынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. 

Анын айтымында, учурда 338 млн доллардын 207 млн доллары пандемияга байланыштуу чыгашаларга, анын ичинде саламаттык сактоо тармагынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгашаларына, айлык маяна, жөлөкпул, пенсияларды төлөөгө жумшалды жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга сарпталган. Калган 131 млн доллар Улуттук банктын эсебинде турат. Тышкы жардамдардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү ишкерлерди каржылоо жолу менен экономиканы калыбына келтирүүгө жумшалат.

“Ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү максатында 4,5 млрд сом бөлүндү, анын ичинен Улуттук банк тарабынан 2 млрд жана ички дагы, тышкы булактардан 2,5 млрд - минфин тарабынан бөлүндү.
Көрсөтүлгөн сумманын ичинен 5 миң ишкер жалпы суммасы 3,2 млрд сомго жеңилдетилген насыя алды. Жакында эле бизнестин сунуштары боюнча каржылоо программасына өзгөртүүлөр киргизилген, тактап айтканда, берүү шарттары жөнөкөйлөтүлдү, тармактар кеңейтилди”,
- деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.