Биринчи май райондук сотунда Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сот отуруму уланды.
Сотто айыпталуучунун жактоочусу иш боюнча тоо-кен компанияларына лицензия берүүчү комиссиянын мүчөлөрүнүн баарын суракка алуу өтүнүчүн келтирди. Бирок прокурор комиссия мүчөлөрүнүн баарын суракка алуу өтүнүчүнө каршы чыгып, муну атайылап убакытты созуу аракети деп баалады.
Тараптардын пикирин уккан сот өтүнүчтү четке какты. Белгилей кетсек, Зилалиев мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери анын үйүн тинтүү учурунда бир канча миллион сом, 100 миң доллардык баалуу буюмдарды жана Бишкектеги кыймылсыз мүлктөрдүн документин тапкан.