Жаңылыктар
Ошто эпидемиядан соң алгачкы операция жүрөккө жасалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто эпидемиядан соң  алгачкы операция жүрөккө жасалды

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында 3-4-сентябрь күндөрү коронавирус эпидемиясынан кийин биринчи жолу жүрөккө операция жасалды.

Ооруканадан билдиришкендей, биринчи операция 50 жаштагы аялга жасалса, экинчиси 55 жаштагы аялга жасалган.

Бүгүн бейтаптар өздөрүн жакшы сезип жатышат жана жакын арада ооруканадан чыгаарын кызматкерлер билдиришти.