Баткен районундагы эң алыскы Зардалы айылына алгачкы жолу электр энергиясы жеткирилет. Өлкө башчысынын аймактарды толук, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырмасына ылайык учурда чалгындоо иштери кызуу жүрүүдө. Элдин көксөгөнү ишке ашса Зардалы айылынын ар тараптуу өнүгүүсүнө жол ачылат.
Район борборунан 120 чакырым алыстагы Зардалы айылына электр энергиясын жеткирүү аракеттери башталды. Шарттын татаалдыгынан совет доорунда да көңүл бурулбаган бул айылга аймактарды өнүктүрүү жылынын шааниси менен тарыхый жаңылык болгону турат. Бул да жергиликтүүлөрдүн кылымдап күткөн мүдөөсү эле.