Жаңылыктар
Кыргызстанда коронавирус илдетинен 16 кош бойлуу аял көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда  коронавирус  илдетинен  16 кош бойлуу аял көз жумду

Өлкөдө  COVID-19  илдетинин учурунда ооруга чалдыккан 16 кош бойлуу аялдын  өлүмү катталды. Бул тууралуу профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеров билдирди.

Каза тапкандардын оор оорулары бар болгондугуна байланыштуу, дарыланууга карабастан көз жумган.  

Арсен Аскеров кошумчалагандай, 530дан ашуун кош бойлуу аялдар илдеттен  айыгып, учурда  дарыгерлердин тыкыр  көзөмөлүндө.