Бишкектин Жал кичи районундагы үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №92 көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатында батирден өрт чыккан, тилсиз жоо саат 20:47де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жабыр тарткандар жок, себеби такталууда.