Коронавирус инфекциясы - бир топ мамлекеттердин социалдык турмушун заматта өзгөрттү. Экономикалык алакаларга дагы таасирин тийгизди. Бизнес чөйрөсү зарылчылык бардан улам ишин аралыктан улантып, санариптик ыкманы өздөштүрүүдө.
Жакында эле Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилге фонду, Евразия айдыңында коронавирус илдети келтирген түрдүү зыяндарды жоюнун мыкты санариптик ыкмасына сынак жарыялады.