Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында ири бизнес форум өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Ата шаарында ири бизнес форум өтөт

25-сентябрда Чолпон-Ата шаарында ири бизнес форум өтөт. Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө багытталган иш-чарага ишкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. 

Облус жетекчилиги аймактын ишкерликке ыңгайлуу шарттары, кирешелүү тармактары тууралуу кеңири маалымат берет. Бизнес чөйрөсүнүн бири-бири менен байланышын бекемдеген экономикалык шакекче түзүү максат кылынып жатат. Ысык-Көлдө иш алып барган ишканаларга дубандын өзүндө өндүрүлгөн товарларды сатып алуу сунушталат.