Жаңылыктар
«Бир Дүйнө - Кыргызстан” пандемиянын шартында жарандарды колдоо боюнча долбоор баштады
Кыргызстан жаңылыктары
«Бир Дүйнө - Кыргызстан” пандемиянын шартында жарандарды колдоо боюнча долбоор баштады

«Бир Дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймыл короновирус пандемиясынын шартында аяр катмарлуу жарандарды колдоо боюнча долбоор баштады.

 Долбоор “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” деп аталып, жогоруда айтылган жерлерде адам укуктары кантип сакталып жатканы боюнча мониторинг жүргүзүүнү камтыйт. Мындан тышкары, юридикалык жардам көрсөтүү, короновирусту алдын алуу боюнча маалымат берүү, гуманитардык жардам катары ИККны (индивидуалдуу коргоочу каражаттарды) тапшыруу каралган.

 Белгилей кетүүчү нерсе, ушул жылы апрель айында «Бир Дүйнө – Кыргызстан” УК балдар үйлөрүндө жана психиатриялык, жабык мекемелерде өткөргөн мониторинг мамлекеттик органдардын ишинен бир топ кемчиликтерди аныктаган. Маселен, аталган жайларда санитардык жана коргоочу каражаттар жетиштүү санда эмес болчу. Бул, өз кезегинде, соттолгондордун жана тергөө алдындагылардын короновируска кабылуу коркунучун кескин жогорулатат, себеби, алардын көбү иммундук жетишсиздик менен жабыркап, өпкө ооруларына чалдыккан. 

Мындан сырткары, аталган жайларга кирүү мүмкүндүгү чектелгендиктен, адам укуктарынын корголушу жана ооруну алдын алуу боюнча маалымдоо маселеси курч бойдон калууда. Буга байланыштуу, «Бир Дүйнө - Кыргызстан» АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасынын колдоосу менен жана улуттук укуктук институттар, бийлик органдар жана Жарандык коом уюмдары тармагы менен кызматташып, атайын долбоорду баштоодо. Анын жыйынтыгы менен маалыматтык материалдар даярдалып, мамлекеттик органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жана келечекте ушул сыяктуу коркунучтарды алдын алуу боюнча иш-чаралар топтому сунушталат. 

“Бир Дүйнө – Кыргызстан” долбоордун алкагында аяр катмарлуу жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Чүй облусундагы балдар үйлөрүндө, жабык жана психиатриялык мекемелерде мониторинг жүргүзүүсүн улантууда. Аны менен катар, «Бир Дүйнө - Кыргызстан» өзгөчө муктаждыктары менен түрмө туткундарын боштондукка чыгаруу боюнча Н.Манделанын принциптерин илгерилетип, КРын бийлигинен CV-19 менен күрөшкө багытталган жардамдын жана каражаттын сарпталышы боюнча коомчулук алдында отчет берүүсүн талап этүү ниетинде.