Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 9-10-сентябрь күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат.

Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат. 

Мындан сырткары, Президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.