Жаңылыктар
Ак-Суу районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен жолдор жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Суу районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен жолдор жабыркады

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 күн катары менен жааган жамгырдын кесепетинен, Оттук суусунун деңгээли көтөрүлүп, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 94-чакырымында жолдун жарымын жеп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ошол себептен унаа жолдун 38 жана 112-чакырымдарында посттор коюлуп, убактылуу чектөө киргизилген. Учурда суунун деңгээли азайган.

Бүгүн, 9-сентябрь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүшөт, ал эми унаа жолду калыбына келтирүү үчүн №11 ЖТИден техника тартуу каралууда.