Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-сентябрда саат 05:57де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кара-Шыбак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ошондой эле маалыматына ылайык, 8-сентябрь күнү да саат 21:04тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн, Кадамжай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.