Жаңылыктар
Алай районундагы Памир кыргыздары үчүн үйлөр курулуп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Алай районундагы Памир кыргыздары үчүн үйлөр курулуп жатат

Алай районунун Сары-Могол айылында Памир кыргыздары үчүн адаптация борбору курулуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болот Ибраимжанов Биринчи радионун эфиринде кабарлады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 7 үй курулуп,  бүтүү стадиясында турат.  Муну менен катар дагы 4 үйдүн курулушу жүрүп жатат.

Учурда Нарын облусунда 41 ,  Кара-Балта шаарында 9 адамдан турган 1 үй-бүлө жашайт. Ошондой эле Алай районунун Сары-Могол айылында 49 адам жашайт.