Жаңылыктар
Шайлоо участокторунда өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо участокторунда өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Шайлоо участкаларында жана шайлоо өткөрүлүүчү мекемелерде өрт коопсуздугун сактоо, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, шайлоо участогунда өрт өчүрүүчү шаймандар, өрт жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо мерчеми болуусу керек. Шайлоо участкалары жайгашкан имараттарда электр зымдары кылдаттык менен текшерилип, коопсуз абалга келтирилиши керек. Ошондой эле шамдарды, керосин лампаларын жана башка ачык өрттүн булактарын жарык катары колдонууга болбойт.

Майор Р. Аширбеков белгилегендей, шайлоо күнү ӨКМ тарабынан ар бир шайлоо участкаларында өрт коопсуздугун сактоо максатында жооптуу кызматкерлерден нөөмөт уюштуруу иштери жүргүзүлөт.