Июль айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карызды ар бир кыргызстандыкка бөлгөндө 731 доллардан айланат. Мындай эсептөө 24.kg сайтына жарыяланган.
Ал эми Финансы министрлигинин расмий маалыматка кайрылсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 миллиард 824,01 миллион долларга жетти. Муну улуттук валюта менен эсептегенде 270 миллиард 268,71 миллион сомду түзөт.
Карыздар боюнча соңку маалымат үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна карата такталган. Чет өлкөдөн алынган каражат мамлекеттик насыянын 86,4 пайызын түзүп, башкача айтканда, 4 миллиард 169,6 миллион долларга жеткен.
Ал эми ички карыздын суммасы 13,6 пайызын ээлеп, 654,41 миллион доллар болгон. ЕТӨФ кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болду
Ошондой эле 2020-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттен тышкы карызды төлөөгө 8 миллиард 852,1 миллион сом, ички карызга 11 миллиард 118,3 миллион сом бөлүнгөн.
Ал ортодо Финансы министрлиги январдан август айына чейин мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан республикалык бюджетке 6,3 миллиард сом киреше түшүргөнүн кошумчалады.