Жаңылыктар
Өлкөдө көмүргө болгон талап төмөндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө көмүргө болгон талап төмөндөдү

Быйыл, пандемияга байланыштуу керектөөчүлөрдүн көмүргө болгон суроо-талабы төмөндөдү. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канатбек Ашырбаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, коомдук тамактануу жайлары, кафе, көмүр керектеген ресторандар, жеке мончолор дагы аз сатып алышкан.

Анын айтымында, калктын продукцияга болгон талабы төмөндөп, аны менен бирге  баасы да түштү.

Учурда Бишкекте Кара-Кече көмүрү 3100-3300 сомдон сатылууда, бул өткөн жылга салыштырмалуу 200 сомго арзан.

Казакстандын Караганда жана Шабыркул көмүрлөрү да үзгүлтүксүз берилээри кошумчаланды.