Жаңылыктар
“Түндүкэлектр” ишканасы карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
“Түндүкэлектр” ишканасы карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

“Түндүкэлектр” ачык акционердик коому 9-сентябрда карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлайт. 

Ишкана ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. 

Ошондой эле төлөмдү электрондук капчыктар,банк кассалырынан, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот.