Жаңылыктар
Өзбекстан менен болгон аба каттамдар 15-сентябрдан тартып жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан менен болгон аба каттамдар 15-сентябрдан тартып жанданат

15-сентябрдан тартып Өзбекстан менен болгон аба каттамдар жанданат. Учурда бул маселе боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда учак каттамдарынан тышкары автобустар да каттайт. Белгилей кетсек, Бишкек-Ташкент, Ош-Анжиян автобус каттамдары 2017-жылы чек аралар ачылгандан кийин жанданган.