Кыргызстандагы 693 мектепти кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырылып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул мектептер буга чейин демөөрчүлөр, жергиликтүү бийликтин жардамы менен түрдүү провайдерлер жана түрдүү жолдор менен интернетке туташтырылгандыктан, айрымдарында ылдамдык начар болсо, кээ бирлеринде абоненттик төлөм көйгөйү болгон.
Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандарын дүйнөлүк желеге кайра кошуу иштери жүрүүдө.