Бишкек шаарынын ар бир жаңы конушу таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болууга тийиш. Мындай тапшырма шаардык мэрия тарабынан коюлду. Азыркы тапта дээрлик бардык жаңы конуштарда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу киргизүү иштери жүрүп жатат.
Бектур Мураталиевдин үй бүлөсү такай чака-челектин бардыгына суу толтуруп алышат. Антпесе таза суу ылдам эле түгөнүп калат. Конушка ичүүчү суу тартылганы менен ал деле эптеп чыгат. Болсо да суу кечке жуук гана берилет- дешет конуштун тургундары. Мындан улам Арча-Бешиктин жашоочулары сууну ташып ичүүгө аргасыз.