Жаңылыктар
Кыргызстанда баланы асырап алуу жөнөкөйлөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда баланы асырап алуу жөнөкөйлөтүлдү

Баланы асырап алуу жөнүндө корутунду берүү мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, мөөнөт 14 күндөн 7 жумушчу күнгө чейин кыскартылды.

«Бала асырап алуунун жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү. Эми жарандар бала асырап алуу үчүн www.e.gov.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрыла алышат. Мындан тышкары, MegaPay мобилдик тиркемесинде “Бала асырап алуучу катары катталууга арыз берүү” кызматы бар », - деп белгиленет департаменттен.

Эмгек министрлиги бала асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү электрондук порталы дагы иштелип чыгып, департаменттин www.mlsp.gov.kg сайтында ишке киргизилгенин эске салды.

“Порталда ата-энесинин камкордугусуз калган жана мамлекеттик маалымат базасында катталган балдар (жынысы, курагы, улуту) жөнүндө толук маалымат камтылган. Бала асырап алууну каалаган жарандар электрондук / онлайн режиминде министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат », - деп кошумчаланат.