Жаңылыктар
ӨКМге онлайн конференция үчүн техникалык жабдыктар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМге онлайн конференция үчүн техникалык жабдыктар тапшырылды

Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигине онлайн конференция үчүн видео жабдыктар тапшырылды. Видео жабдыктар кризиске тез жооп кайтаруу жана вирустун жайылышын алдын алуу үчүн тапшырылды.

Бул жардам БУУӨП – KOICA “Кыргыз Республикасынын өрт – куткаруу кызматынын потенциалын күчөтүү аркылуу калктын өрт коопсуздугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. COVID-19 кризисине жооп иретинде долбоор конференциялар үчүн медициналык маскаларды жана шаймандарды сатып алууга 50 миң доллар бөлдү. 25 миң медициналык маскалар 2020-жылдын июнь айында Өзгөчө Кырдаал Министрлигине өткөрүлүп берилген.