Кыргызстанда авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов билдирди.
Имараттардын көпчүлүгүндө балдар дагы деле окуп жатышат.
245 мектептин ичинен өкмөт 2020-жылы 29 объектинин курулушун баштаган. Мындан тышкары, Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен жети билим берүү мекемеси, ал эми Бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен дагы 15 мектеп жана окуу имараттары курулууда.
Ушул жылдын ичинде Мамкурулуш 14 объектинин курулушун аяктаган. 2020-жылдын аягына чейин дагы 50гө жакын мектепти бүткөрүү пландалууда.