Аксы районуна жогорку ылдамдыктагы интернет тартылууда. 24 каналдуу була-оптика кабели 73 чакырым аралыкка тартылат. Учурда 49 километри бүттү.
Жумуштун 60-70 пайызы аяктады. Ушул тапта "Кыргызтелеком" ишканасынын Аксы райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Жийде-Бел участкасында иштеп жатышат.
Кабель тартуу иштери октябрь айында толук бүткөрүлөт. Була-оптика кабели өткөн жылы Аксы районунун аймагында тартылган. Азыр эми Шамалды-Сай айылынан тартылып жаткан магистралдык линия бүткөрүлсө, былтыр тартылган кабелге туташтырылат.