Кыргызстандын Россиядагы элчилиги коронавирус пандемиясынын мезгилинде дипломатиялык өкүлчүккө жардам берген 24 ыктыярчыга ыраазычылык билдирди.
Студенттер жана Москвада эмгектенген мекендештер 5 ай бою муктаждарга тамак аш таратууда, Кыргызстанга кайтуучулардын тизмесин түзүүдө, колл- борбордо жарандардын суроолоруна жооп берип, студенттер менен иш алып барууда дагы дипломаттарга жардам берген. Бул иштери үчүн ыктыярчылар акы албаса дагы, адамдар менен иштөөдө баа жеткис тажрыйба топтогонун айтат.
Ошондой эле түрдүү тагдырларды көрүп, кыйын сыноого туш болгондорго боору ооруп, ар бир окуяны жүрөгүнөн өткөрүү да оңойго турбаганын кошумчалашты. Элчинин белгилөөсүндө, ыктыярчылардын экөөсү, элчиликте кызматта калат. Бирөө юрист катары, экинчиси иш билги адис катары.