Жаңылыктар
Ош облусундагы күндүзгү стационарлардын баары жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусундагы күндүзгү стационарлардын баары жабылды

Ош облусунун район-аймактарында убактылуу ачылган күндүзгү стационарлардын баары жабылды. Облустук жана райондук ооруканалар баштапкы тартипте иш алып барууда. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов, онлайн-брифингде билдирди. 

Анда маалымалгандай, дубандын аймагында вирус жуктургандардын саны 5350гө жетти. 124 жаран оорудан каза болду. “Жүк-200” менен сырттан 16 мекендештин сөөгү алынып келинген. Учурда жугуштуу ооруга кабылган 87 жаран жергиликтүү бейтапканаларда дарыланууда. 

Алдыдагы оорунун экинчи толкунунун болуп кетүү тобокелчилигине байланыштуу, жер-жерлерде жалпы 3миңдей койкага ылайыкташкан стационарлар даярдалууда. Өпкөнү жасалма деп алдыруучу жабдыктан 113ү даярдалса, 1,5 миңге жакын кычкылтек концентратору камдылды.