Жаңылыктар
Инфекциялык оорукананын курулушу
Кыргызстан жаңылыктары
Инфекциялык оорукананын курулушу

Бишкек шаарындагы инфекциялык оорукананын курулуш иштери 70%га аяктады. Төрт бөлүктөн турган объектинин биринчиси дээрлик курулуп бүтүп, учурда калган бөлүктөрүндө эки нөөмөт менен 100 курулушчу иштеп жатат. 

25-июлда пайдубалы түптөлгөн оорукананын курулуш иштери кызуу жүрүп, учурда жылуулук, ысык-суу муздак суу үчүн куурларды орнотуу иштери уланууда. Имарат өрт коопсуздугу, жер силкинүүгө туруштук берүү жана ысык-суукта бирдей температураны кармоо талаптарына толук жооп берет. Эң башкысы ковид жугуштуу илдеттен жабыркаган бейтаптар үчүн бөлмөлөр башка ооруканалардан өзгөчөлөнүп салынган. 

Оорукана 100 адамга ылайыкталып, анын отузу жандандыруу бөлүмүнө эсептелген. Курулушта эң башкысы имараттан чыккан аба фильтрден өтүп сыртка чыгарылат. Дарыгерлердин коопсуздугу үчүн ичинде жашыл зоналар да өзүнчө бөлүнгөн. 

Курулуш иштерине 60 млн сом бөлүнгөн. Азыркы тапта курулуш дээрлик аяктап калды, имарат ушул айдын аягына чейин колдонууга берилет. Андан кийин имараттын ичин саламаттыктык сактоо министрлиги медициналык жабуудар менен камсыздайт. 

Эскерте кетсек мындан 40 күн мурда оорукананын пайдубалын түптөөгө өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан. Борбордогу ооруканадан сырткары Ош шаарында 100 орунга ылайыкталган жугуштуу ооруларды дарылай турган эки бейтапкана салынууда. Аны менен бирге жети облуста бир катар ооруканалар оңдоодон өтүп, айрым аймактарда жугуштуу илдеттен дарылоочу жаңы ооруканалар курулуп жатат.