Жаңылыктар
Ишкерлерди колдоо
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлерди колдоо

Коронавирустун кесепетинен зыян тарткан Кыргызстандын ишкерлерине Кепилдик фонд насыя алууда жардам берет. Аларды колдоо үчүн 1 миллиард сом каралгандыгын фонддун төрагасы Малик Абакиров билдирди. Анын айтымында, каражат негизинен айыл чарба азыктарын өңдүрүү, кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, медицина, билим берүү жана маалымат технологиялар тармыгына багытталат. 

Өлкөнүн ишкерлерин колдоо үчүн Кепилдик фонду тарабынан атайын чакан жана орто ишкерликти каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүү программасы иштелип чыкты. Анын алкагында ишкерлер үчүн 1 млрд сом каралган. Каражат төмөнкү багыттарга берилет: 10 млн сомго чейин берилүүчү насыянын үстөк пайызы 10%га чейин болот. Ал эми мөөнөтү 5 жыл.


Фонд тарабынан өткөн жылы 946 кепилдик берилсе, бүгүнкү күнгө карата 446 млн сомго 1 миң 83 кепилдик берилди. Ал эми берилген насыялардын көлөмү 7 млрд 600 млн сомдон ашкан. Фонд түзүлгөндөн бери жалпы 2 млрд 142 млн сомго 2 миң 700 кепилдик берилди.